"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө жаштар арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө

Ысык-Көлдө 19 жашка чейинкилер арасында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнө биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мелдеш “Газпром — балдарга” комплексинде өтүүдө.

Спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын бильярд спорту федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов жана Эл аралык “Пирамида” бильярд конфедерациясынын башкы катчысы Фирсов Яков катышты.

Биринчиликке Кыргызстан, Казакстан, Россия, Түркмөнстан жана Беларустан келген спортчулар катышууда.

Белгилей кетсек, 19 жашка чейинкилер арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги 15-июлга чейин уланат. Ал эми 16-20-июль күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында дүйнө чемпионаты өтөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!