"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кечээ, 7-августта, Ысык-Көлдө саат 20:03тө болжол менен 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 33 км түндүк-батышта, Алматы шаарынан 35 км түштүктө жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында силкинүүлөр сезилген жок.