Ысык- Көл районунун Кара-Ой айылында 15 жаштагы бала көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин мааылмат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айылдагы “Аист” пансионатында 2007-жылы туулган Н. уулу Ж. аттуу бала сууга чөгүп кеткен. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 15:12де баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.