Ысык-Көлдө суу каптоо коркунучу. Министр кырдаалды жеринен көзөмөлдөөдө
Бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр Аке айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Чоң-Ак-Суу дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды.
Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев барып, кырдаал менен жеринен таанышып, жүргүзүлүп жаткан коргоо жана авариялык иштерди координациялоодо.
Турак үйлөрдү жана инфраструктураны суу каптоодон сактоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инженердик техникалары, куткаруучулары жана жергиликтүү бийликтин күч-каражаттары тартылды. Учурда Чоң-Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө, суу нугун жөнгө салуу жана коркунучту азайтуу боюнча ыкчам иштер уланууда.
ӨКМ тарабынан кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.