Ак-Суу районун бүгүн эң жаш акимдердин бири — Канатбек Калдаралиев жетектеп келет. Жаш куракка карабастан, ал башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонуп, эл менен түз байланыш түзүүгө, көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүүгө басым жасоодо. Жол, таза суу, сугат, жер жана жайыт сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө багытталган иш-пландар районду өнүктүрүүгө жаңы дем берүүдө. Жаш аким менен Ак-Суу районунун бүгүнкү күндөгү абалы, аткарылган иштер тууралуу ой бөлүштүк.
– Канатбек Айдарбекович, Ак-Суу районунун бүгүнкү күндөгү социалдык-экономикалык абалына кандай баа бересиз?
– Ак-Суу районунда 2025-жылы социалдык-экономикалык багытта олуттуу жылыштар болду. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 273,8 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү.
Райондо инвестициялык климатты жакшыртуу багытында да системалуу иштер жүргүзүлүп, жалпы капиталдык салымдардын көлөмү 5 млрд 956 млн 240 миң сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 126,9 пайызды түздү. Түрткү берүүчү гранттын алкагында да 8 долбоор ишке ашырылып, алгылыктуу натыйжаларга жетиштик. Ал эми 2026-жылга карата 12 долбоор даярдалып, тиешелүү органдарга өткөрүлдү.
Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытында райондо жалпысынан 15 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 7 объект пайдаланууга берилип, Тегизчил, Курбу, Жылдыз, Советское, Боз-Учук, Токтогул жана Орлиное айылдарында мектептердин, Ак-Суу айылында балдар музыкалык мектебинин, Курбу жана Советское айылдарында эки бала бакчанын курулушу жүргүзүлүп, алардын ичинен 4 мектеп ишке берилди.
Мындан сырткары, Качыбек, Пионер, Ак-Булак, Жергез жана Отрадное айылдарында айылдык эмканалар курулуп, анын ичинен эки эмкана жана бир калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди. Айыл өкмөттөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпысынан 17 атайын техника алынды.
– Аким болуп дайындалгандан бери райондогу кайсы багытты өзгөчө артыкчылыктуу деп белгиледиңиз?
– Ак-Суу районунда бүгүнкү күндө биринчи кезекте туризм тармагына басым жасалып жатат. Учурда райондун аймагында “Ала-Тоо” лыжа базасы курулууда. Бул долбоор Орто Азиядагы эң ири лыжа базаларынын бири болуп, келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик объектке айланат деп күтүлүүдө. Жаратылышынын кооздугу жана ыңгайлуу жайгашуусу бул лыжа базасын эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү кылат.
“Ала-Тоо” лыжа базасы улуттук маанидеги ири мега долбоор. Анын ишке ашышы менен жергиликтүү чакан туризмди өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылууда.
Мындан тышкары, 2025-жылы район үчүн өндүрүш тармагындагы эң ири инвестиция — таштанды иштетүүчү завод болду. Анын инвестициялык көлөмү 75 млн АКШ долларын түзөт. Бул завод кеминде 100 жумушчу ордун түзүп, экологиялык маселелерди чечүүгө чоң салым кошот. Ишкана таштандыларды кайра иштетүү жана өрттөө жолу менен электр энергиясын өндүрөт. Белгилей кетсек, мындай заводдордун бири Бишкек шаарында да курулган.
Өндүрүш тармагын өнүктүрүү максатында учурда 120 гектар жер аянтында атайын өндүрүш аймагын (промзона) түзүү иштери даярдалып жатат. Алдыда бул багыттагы иштердин жыйынтыгында райондун аймагындагы дагы эки айыл аймагын 2026-жылдын жыйынтыгы менен дотациядан чыгаруу пландалууда.
– Райондун өнүгүүсүндө кайсы тармактар негизги кыймылдаткыч күч болуп жатат?
– Биздин райондун өнүгүүсүндө негизги кыймылдаткыч күч катары айыл чарба, өнөр жай жана туризм тармактары саналат. Калктын басымдуу бөлүгү айыл чарбасы менен алектенгендиктен, бул багытка да өзгөчө көңүл бурулууда. 2025-жылы райондо «Ак-Суу» машина-трактордук станциясы (МТС) уюштурулду. Алдыда бул станция аркылуу агротехникалык сервистик кызматтар базар бааларынан төмөн сунушталып, чарбалык эсеп менен өзүн-өзү каржылаган ишкана катары иштейт. Мындан тышкары, тапкан каражаттардын эсебинен жаңы айыл чарба техникаларын сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өнөр жай тармагында райондо кен иштетүүчү ишканалар иш алып барууда. Мындан сырткары, 2025-жылга карата райондун аймагында 2 Чакан ГЭС курулду. Ак-Суу дарыясына «ЛИХТ ГЭСи», Боз-Учук дарыясына «Ананьева ГЭСи» курулуп, ишке берилди. Мындан сырткары, Жыргалаң, Түргөн жана Жергез дарыяларында дагы беш чакан ГЭСтин курулушу уланууда.
– Элдин кайрылууларын угуу жана чечүү механизми кандай жолго коюлган?
– Ак-Суу районунда элдин кайрылууларын угуу жана ыкчам чечүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Райондун тургундарын жеке кабыл алуу, эл менен түз жолугушууларды өткөрүү жана заман талабына ылайык социалдык тармактар аркылуу байланыш түзүү толук жолго коюлган.
Эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү жол, таза суу, сугат суу, жер жана жайыт маселелерине байланыштуу. Түшкөн кайрылуулардын негизинде конкреттүү иш-пландар түзүлүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилет. Натыйжада 2025-жылы райондогу бир катар көйгөйлүү маселелер чечилди.
Кенже Осмоналиева

