Ысык-Көл облусунда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча жети долбоордун курулушу башталды. Алардын экөө шамал, бешөө күн электр станциялары.
Ири долбоорлордун бири — Тору-Айгыр айылында жайгашкан 300 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы. Анын курулушуна 270 млн доллар инвестиция салынууда.
Балыкчыда шамал электр станциясы курулуп, ага 100 генератор орнотулат. Жалпы кубаттуулугу — 200 МВт. Долбоордун баасы баштапкы этапта 250 миң доллар деп бааланууда.
Мындан сырткары, 2025-жылы төрт чакан ГЭСтин курулушу башталып, жалпы 18 чакан ГЭС пайдаланууга берилет. Орто-Токой ГЭСи (21 МВт) Кытай менен биргелешип курулуп жатат.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана таза энергияга өтүүгө багытталган.