"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө жаратылыш ресурстарын коргоо иштери текшерилди

4-сентябрда ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин орун басары Болот Жусупбеков жана Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышышты.

Текшерүү Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарынын жана ИИМ жетекчилигинин тапшырмаларынын алкагында өткөрүлүп, коомдук тартип, экологиялык коопсуздук, браконьерликке каршы күрөш маселелери негизги көңүл борборунда болду.

Октябрь Урмамбетов браконьерликке каршы аракеттерди күчөтүүнү жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоону жеке көзөмөлүнө алганын баса белгиледи.

Үч ай ичинде алынган мыйзамсыз каражаттар:

  • 49 900 метр синтетикалык тор

  • 14 кайык

  • 41 кайырмак

  • 3 ок атуучу курал жана ок-дарылар

  • Жалпы 78 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 1 090 балык алынды

Ошондой эле туристтик милиция жана суучулдардын катышуусунда көлдүн түбүн тазалоо иштери жүрүп, экологияга жана коопсуздукка коркунуч жараткан пирстин эски чатыры, сууга чөгүп кеткен катамаран жана ири көлөмдөгү таштандылар чыгарылды.

Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштери уланууда.