"Эркин-Тоо"

ЮНЕСКО кыргыздар сунуштаган номинацияны карашат

13-18-декабрь күндөрү ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтүп жаткандыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

«ЮНЕСКОнун комитетинин 16-декабрындагы жыйында Бишкек убактысы боюнча саат 15:45- 16:10 аралыгында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүүсү каралат», — деп айтылат маалыматта.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация.
Жалпысынан Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», «Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар.

Номинацияларды ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!