"Эркин-Тоо"

ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кирди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун Кыргызстандын маданий мурастарынын тизмесине кирди. Парижде ЮНЕСКОнун комитетинин отуруму болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейинен видеобайланыш аркылуу байланышып, бир демилге менен чыкты.

Катышуучулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизишти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ээси – Кыргызстан. Көчмөндөрдүн нарк-насилин, маданиятын, каада-салтын даңазалоочу оюндарды үч жолу уюштурган. Кийинки оюндарды уштуруу эстафетасын Түркия өлкөсү алган. Дүйнөлүк оюндар 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылдырылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!