Мындай ойду ал КР эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов менен болгон жолугушуусунда айтты. Ал уюм мамлекетти Өлкөлүк Өнөктөштүк Программасы (ПСП) аркылуу колдоого даяр экенин кошумчалады.
Туруктуу өкүл Бакыт Жусупов ЮНИДОнун Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуу узак мөөнөттүү келечекке ээ деп ишендирди. Өз сөзүндө, инклюзивдүү туруктуу индустриалдык өнүгүү өнөр жай секторундагы улуттук трансформация процессине дем берерин белгиледи.
Жолугушууда Л.Йонг Бакыт Жусуповдун ЮНИДОнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын үчүн эстелик сыйлыгын тапшырды.