"Эркин-Тоо"

Заманбап билим бардык ийгиликтин башаты

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунун  ишмердигинде келечек муунга татыктуу билим берүү багыты өзгөчө мааниге ээ.  Мектепке чейинки жана мектепте билим берүүдөн баштап балдарды китеп окууга үндөө, маалыматтык технологияга жакын болуу сыяктуу жөнөкөй көрүнгөн, бирок балдардын келечеги үчүн өзөктүү маселелер боюнча бир катар алгылыктуу долбоорлор ишке ашырылды.

Бүгүн билим берүү тармагы заман чакырыгына ылайык өзгөрүүгө муктаж.  Окутуу мазмуну жаңы багыттар менен толукталып, мектепти же ЖОЖду бүткөн жаштар турмушка даяр болуп, алган билиминин пайдасын көрүшү керек.  Билим берүү  жаш муунду кандай маселе болбосун сын көз карашта талдай билүүгө (критическое мышление), креативдүүлүккө же башкача айтканда чыгармачылык менен жаңы нерсени жаратууга, команда менен иштеше билүүгө үйрөтүшү абзел. Заман талабына жараша азыр билим берүүдө  STEM багытына өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат.  STEM — бул негизинен табигый  илимдер менен инженердик предметтерди бириктирген  билимдин модели десек болот. Азыркы замандын окуучусу маселени  илимий ой жүгүртүп талдай билип, чечим кабыл алган жаратман,  универсал болуусу абзел. Бүгүн  билим берүү программалары мына ушул максаттарга багытталууга тийиш.   “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусунун коомду алдыга тарткан долбоорлорунун бири “Илимдеги кыздар” долбоору болуп саналат. Анын экинчи баскычынын бет ачаарында      Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева  заман талабына ылайык окуучуларга билим берүүдө ушул долбоор эбегейсиз салым кошуп жатканын айтты. “Дүйнө жүзү боюнча маалыматтык-технологиялар доору башталды: жасалма интеллект, санариптик технологиялар алдыга чыкты.  Дал ушул багыттарда кыздарга кесиптик багыт берүү максатында иштер аткарылып келди, дагы да иш алып барабыз” — деп баса белгиледи.

“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен иш алып бармакчы.

Долбоордун максаты- өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп-үйрөтүүгө шарт түзүү. Долбоор 2 жылга созулуп,  мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу  билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган мектеп пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт. Өспүрүм уул-кыздардын  мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана багыттоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу маанилүү. Ошондой эле татыктуу жумуш орундарын тандоого  жана STEM тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт берчү иштерди алып баруу  да долбоордо камтылган.

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүндөгү билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода жана долбоордун өнөктөштөрү, пилоттук  билим берүү мекемелеринин жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып,  “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын максаттары менен таанышышты.

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар”долбоору  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте  ишке ашырылууда.

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!