
Ыйык Рамазан айында Азирети муфтийге бир катар соболдорумду жолдодум. Аруулануу айында аалым менен маектешиштин өзү да жан дүйнөдөгү боштукту толтуруп, жылуулук тартуулайт эмеспи. А мындай инсандын айткан кеби биздин окурмандарды да кайдыгер калтырбаса керек.
— Карыке, ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Соңку жылдары ооз ачырганга кезек жетпей, айрым учурларда таңкы ооз бекитүүгө да үйгө чакырмай “мода” болуп кетүүдө. Бул жагы орундуу элеби?
— Бисмилляхир-РахманирРахим. Алгач береке жааган, кут төгүлгөн Рамазан айынын башталышы менен бүткүл момун мусулман туугандарыбызды куттуктайм! Ооз ачыруу азыр аябагандай күчөдү. Бул жагын баарыңар эле көрүп жатсаңар керек. Кечинде жетишпей калса, таңкы ооз бекитүүгө чакырып жатышат. Бул жагы ооз ачыргандай сооп болот. Бирок, кандай болгон күндө да жөн-салды чачыла бербей, адамдардын шартына караш керек.
— Муфтиятка кеңсени ысымы кыйырга белгилүү Райым Матраимовдун салып бериши, айрымдарды ар кандай түкшүмөлдөргө түртүүдө. Коомчулукта аты-жөнү ар кандай каржылык иштерге шектүү катары сыпатталып жүргөн адамдан башка демөөрчү караштырса болот беле?
— Кыргызстандын муфтиятынын түптөлгөнүнө 30 жыл болду. Ошондон бери муфтият кеңсени ар убак ижарага алып иштеп келет. Биз 30 жылдан бери бир катар аттуу-баштуу колунда бар жигиттерге муфтиятка кеңсе салып берүү өтүнүчү менен кайрылып келдик. Ошолордун ичинен жалгыз Райым Матраимов биздин суранычты канааттандырып, кол сунду. Биз эми ар бир кишинин капчыгындагы кайсы каражаты кандай жол менен табылганын билбейбиз да. Маселен, ошол эле Райым Матраимов бизнестен каражат тапса, анысын биздин муфтият менен бөлүшкүсү келсе мунун эмнеси жаман? Чынында муфтиятка буга дейре эч ким кеңсе салып берели деп келишкен жок. Андай катмардагы уул-кыздар болсо дагы деле келе беришсин. Кеңсе же кандайдыр бир имарат салганга азыр деле жерлерибиз бар. Кээде таңгаласың, көпчүлүгүбүз кандайдыр бир сын айтканга маш болуп алдык. Өзүбүз эчтеке кылбайбыз да, кылган адамдарды көрө албайбыз. Кыла турчуларды кылдыртпай калдык. Эгерде кимдир бирөөнүн шектүү иш-аракеттери болсо, алар менен күч органдарыбыз сүйлөшүшү керек го! Кептин кыскасы, биз кимдир бирөөнүн капчыгындагы каражатынын 5 сому адал, 5 сому арам экенин колубуз менен кармап, көзүбүз менен көрмөйүн айта албайбыз да.
— Ыйык айда Орозо туткан эркектер үчүн Таравих намазын окуш парзбы? Бул жагын да өзүңүздөн угуп, окурмандарга туура маалымат жеткирип койгум келет…
— Кудайга шүгүрлөр болсун, элибиз жапырт Ислам динине бет алды. Буга удаа терс көрүнүштөрүбүз да бар. Бул жагын жашырганда не? Кээде күндүзгү күнү өзүбүздү Орозо менен кооздойбуз да, түнкүсүн таравих намазы, хатым Куран менен башында бир апта алпурушканыбыз менен ифтарды түнкү 1-2 ге чейин чоюп жиберип жатабыз. Аныгында ифтардын убактысы 1 гана саат. Бул аралыкта бүткүл момун мусулмандар дароо мечиттерге чуркап, таравих намаздарына келсе демекчимин. Экинчиден, жөндөн-жөн жалган шылтоо кылып, “баланча жерим ооруйт, мен Орозону көтөрө албайм” – деп мусулманчылыктагы негизги 5 парздын бирин аткарбай койгондорду көрүп жүрөбүз. Динибизде бир чындык бар: “Кимде-ким жалганды шылтоо кыла берсе, ага Алла Таала чын шылтоо берип коет” – деген. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, ифтарларыбыздын убактысын кыскараак кылып, аны шеринеге айлантып жибербесек дегим келет. Ал эми Таравих намазы бул парз намазы эмес. Таравих бул сүннөт намаз! Бирок, бул намаз бир жылда бир гана жолу келген үчүн сыйлап, бир да рекетин каза кылбай окуганыбыз абзел болот. Ошондуктан, Таравих намаздарга бекем болуп, аалымдарыбыз айткандай “Рамазан айынын күндүзүн Орозо кооздойт, түнүн таравих намаз кооздойт” – деген кебин эске алып, күнүбүздү гана эмес, түнүбүздү да кооз кылып, Таравих намаздарыбызга бекем болгонго аракетибизди кылалы.
— Ооз ачырышка шарты бар, колунда бар катмардагылар кандай мал союшу абзел? Баса, таңкы саарлыктан соң оозду тиш паста менен жуу – Орозонун бузулушуна, арылатканда ооздун ачылышына алып келет да, туурабы?
— Ооз ачырууга сөзсүз эле мал союш керек эмес. Мал сойбой жөн гана курма же колунан келген аш менен ооз ачыра берсе болот. Эгерде мал союп, ооз ачырууну кааласа адал малдын – кой, уй, жылкы – кайсы түрү болбосун сойсо боло берет. Ушул жерден дагы да баса белгилөөчү сөз, кандай болгон күндө да ооз ачырууда болобу же башкадабы ысырапкерчиликке жол берилбеши керек. Ал эми Орозо айында тиш паста менен оозду жуу, макүрөө болуп эсептелет. Анткени, тиш пастанын ары жутулуп кетүү коркунучу бар. Кокус байкабай жутуп алса Орозо бузулуп калуу коркунучу жогору болгондуктан, таңкы саарлыктан соң тиш паста менен оозду жуу – макүрөө болуп саналат. Албетте, Орозо бузулуп калбайт! Колдон келсе, оозду бекиткен соң тиш паста менен жуубай эле мисфакты колдонгон дурус болот. Такыр эле оозду тиш паста менен жууга мажбур боло турган болсо, анда өтө абайлап жууш керек. Бирок, оозду бекитип алып, тиш паста менен жуубаган жакшыраак…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели

