"Эркин-Тоо"

Замир кары РАКИЕВ: “ТЕРС ДИНИЙ АГЫМДАРГА БӨГӨТ КОЮУ БИЗДИН МИЛДЕТ”

Учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын Замир Ракиев башкарууда. Ал муфтий болуп 2021-жылы жазда шайланган. Замир Ракиев буга чейинки муфтийлерден айырмаланып, ЖМКлар үчүн көп ачык эмес. Ошентсе да КМДБда кандай иштер жүрүп жатканына кызыгып, Азирети муфтий Замир Ракиевди сөзгө тарттык.

— Замир ага, сиз муфтий болуп келгенден бери тармакта кандай өзгөрүүлөр болду? Иш кандай жүрүп жатат?

— Бизге чейин муфтийлик кызматты аркалаган муфтийлердин баары динибиздин туура нугунун жайылышына жан үрөп кызмат кылышкан. Мындай аракеттер эч качан токтогон эмес. Биз ошол эле нукта иш алып барып жатабыз. Максатыбыз – Ханафий мазхабын жана Матуридий акыйдасын жайылтуу болуп келди. Азыр да ошондой эле аракет көрүлүүдө. Эл арасындагы диний лидерлерди, коомдорду, уюм, фонддорду, динге кызмат кылган адамдардын бардыгынын баштарын бириктирип, бир бүтүн кылуу аракети жүрүп жатат десем болот. Мындан сырткары, «Агартуу ыйман кербени» деген атайын аалымдардын тобун түзүп, аймактарды кыдыртып, насааттарды жана туура диний түшүнүктөрдү жеткирип, алардын суроолоруна жооп берип жатабыз. Диний билим берүүнү өнүктүрүү, медреселердин сапаттарын жакшыртуу жана башка пландарыбыз боюнча иштерди аткаруудабыз. Жакында дин кызматкерлерин ротациялоону баштадык. Пандемия башталгандан бери Муфтият умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, Ханафий мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам, КМДБ умра сапарын уюштурууга кайрадан киришип, алгачкы топту ыйык жайларга жөнөттүк. Мына ушундай иштер менен алекпиз. Дагы бир жакшы жаңылыгыбыз, эгемен өлкө болгондон тарта Муфтияттын өзүнүн имараты болгон эмес. Башкармалык Кыргызстан ислам университетинин имаратын ижарага алып иштетип келген. Ушул күндө жаңы имаратыбыз курулууда. Буюрса жаз айларында бүтөт деп турабыз. Муну менен катар өлкөдө 3000ден ашуун мечиттин каттоосун жүргүзүп, атайын база түзүп жатабыз. Өлкөдө мамлекеттик каттоодон өтпөгөн диний объект болбош керек. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин бардыгы мыйзамдуу болуусу зарыл. 2023-жылдын февраль айында дин кызматкерлери да аттестациядан өтөт. Эң оболу элдин тамак-ашын адалдоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министри менен халал-индустриясын өнүктүрүү туурасында кызматтаашуу меморандуму түзүлгөн. КМДБсы КР Экономика министрилиги алдындагы БССМБ менен халал сертификациясын өткөзүүгө келишимге кол коюшуп, халал сертификатын берүү башталган. Мечиттерде бирдиктүү жума хутба айтуу үчүн жума хутбаларынын жылдык планы долбоору иштеп келе жатат. Муну менен катар өлкө боюнча нике каттоо журналы ишке киргизилди. Кыскасы муфтиятта иш кызуу жүрүп жатат. Бардык тараптан дин башкармалыгы мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче жаңыча иш алып барууга далалат кылып жатат.

— Көп иштер жүрүп жаткан экен. Муфтият мындай иштерди алып барууда сөзсүз каржы маселесине туш келет. Өзүңүз билесиз, мурдагы муфтийдин каржыга байланыштуу чуулгандуу иштерге аралашып калган жайы да бар. Эмне себептен мындай болду деп ойлойсуз?Коом муфтиятты бардык арам делген нерселерден алыс деп билет эмеспи?

— Негизи эле бардык көйгөй мал, дүнүйө талашуудан башталат эмеспи. Пенде дайыма адашуучу болот. Бул адамдын табиятында бар нерсе экен. Ажылык сапарындагы акча тууралуу көп кеп кылышат, эл бизде акча заводу бардай көрөт. Андай эмес. Бул элдин аманат акчасы. Ал каражат менен алар өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткарып келишет. Көп нааразычылыктар да ушул ажылыкка чогултулган акчадан улам келип чыгат. Биз ал аманатка кыянаттык кылбайбыз. Муфтияттын түзүмүндө иштеген кызматкерлерди диний багыт, руханий азык бере турган мекеме болушун каалайбыз жана бул жаатта бардык аракеттер көрүлүүдө. Биздин мекеме чуулгандуу окуялардан алыс болушу абзел.

— Муфтияттын кызматкерлерине да мамлекеттен айлык чегерип берүү маселеси каралып жатат деген кабар укканбыз. Бул долбоор эмне болду?

— Жараткан насип кылса «Ыйман» диний маданиятты агартуу фонду менен бир катар иштер жүрүп жатат. Бул маселе боюнча бир топ жыйындар өттү. Дин мамлекеттик башкаруудан ажырагандыктан «Ыйман» фонду жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте иштеп жатабыз. Маселе кандай чечилет убакыт көрсөтөт.

— Диний чөйрөдө абал кандай? Көзөмөл кандай жүрүп жатат?

— Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийин динге болгон кызыгуу артып, өлкөдө диний уюмдар көбөйүп, көп конфессиялуу коом түзүлгөн. Кыргызстанда мамлекет менен диний уюмдардын өз ара байланышы, ишмердүүлүгү бир канча нормативдик укуктук актылар менен бекемделген. Тилекке каршы тынчтыктын динин өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга аракет жасагандар жок эмес. Ошондуктан радикалдуу диний агымдардын алдын алууда ата-бабаларыбыздан калган салттуу ислам дининин баалуулуктарын алдыга жылдыруубуз зарыл. Ошол эле мезгилде Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча карапайым калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүбүз керек. Акыркы жылдары элибиздин динге болгон ишеними да жогорулап баратат. Мындай учурда жарандарыбызга туура диний багытты көрсөтүп, аларга туура маалымат берип, терс диний агымдарга бөгөт коюу биздин милдет. Бул багытта иш алып барууда имамдарга бирдиктүү жума хутбасы түзүлдү. Муну менен катар атайын дин кызматкерлери үчүн колдонмолорду иштеп чыгып, басып чыгаруунун алдында турабыз.

— Муфтийлер кандай учурда элге кайрылуу жасап, кайсы учурда өлкө ишине кийлигишүүгө акылуу?

— Муфтий саясий иштерге кийлигишпейт. Бирок Муфтий деле жаран. Ал дагы өз элинин тынчтыгы, биримдиги жана өлкөнүн туруктуулугу үчүн жан үрөп, күйөт. Кадимки жаран катары мыйзамдагы укуктарына ылайык ар кандай кырдаалдарда билдирүү же кайрылуу жасашы мүмкүн. Мисалы элди сабырдуулукка, биримдикке, ынтымакка, тынчтыкка чакырууда кайрылуу жасап, эли менен бирге болгонго эмне жетсин. Бул биздин парзыбыз деп белем.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!