"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган «Театралдык жумалык» башталды

Күн мурун Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр, Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин профессору Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган «Театралдык жумалык» старт алды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, ачылыш- аземге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз театр ишмерлер союзунун жетекчиси Жаныш Кулмамбетов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиев катышып, З. Сооронбаевдин кыргыз театр жана кино искусствосуна кошкон баалуу салымын белгилеп, мааракесин куттукташты.

Иш-чара М. Рыскулов атындагы Нарын областтык академиялык музыкалуу драма театрынын сахналаштырган З. Сооронбаевдин «Сүйүү арманы» (К. Зарлыкова) спектакли менен башталды.

Театралдык жумалыкка республиканын ар кайсы театрларынан З. Сооронбаев сахналаштырган спектаклдер катышат:

  • 6-ноябрь: К. Медетбеков атындагы Талас областтык музыкалык драма театры – «Семетейчи Сейдене» (Ж. Исабаева, Б. Сейитбекова; инсценировкалаган Э. Токтомушева)
  • 7-ноябрь: А. Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык драма театры – «Өксүгү күчтүү өмүр» (Ч. Калыбекова)
  • 8-ноябрь: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры – «Курманжан датка» (Т. Касымбеков, К. Сактанов), жумалык салтанаттуу түрдө жабылат.