"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Зардалы айылына президенттен тез жардам унаасы берилди

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылынын тургундарына заманбап тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Толук медициналык жабдуу менен камсыздалган унаа мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан берилди. Аны облус башчысы Айбек Шаменов жеринде тапшырып, элдин жашоо-шарты менен таанышты.

Иш-чарага облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана Баткен районунун акими Данил Иманалиев да катышып, айыл эли менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда тургундардын социалдык муктаждыктары, туризмди өнүктүрүү маселелери жана башка орчундуу көйгөйлөр талкууланды.

Ошондой эле жетекчилер учурда курулуп жаткан Зардалыга баруучу жаңы жолдун абалы менен таанышышты. Узундугу 17 чакырым болгон бул жолдо жардыруу жана кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат.

Эске салсак, былтыр өлкө башчысы Садыр Жапаров Зардалы айылына келип кеткен. Анын тапшырмасы менен айылга электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүрүүдө.