"Эркин-Тоо"

Зардалы айылында келерки жылы жол салуу иштери башталат

Президент Садыр Жапаров  кечээ Зардалы айылына  барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан. Анда тургундар өлкө башчыга жол жана электр энергиясынын жоктугу негизги көйгөй экенин айтышкан.  Андыктан Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышып,  Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу баштала турганын билдирди.

Белгилей кетсек, бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон алыскы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!