“Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Зардалы айынына жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү Президент Садыр Жапаров тиешелүү ведомстволорго тапшырган эле. Мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.
«Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Садыр Жапаров администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Элнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып, маалымат берди», — деп жазды президенттин басма сөз катчысы.