"Эркин-Тоо"

Зеленский: Энергетиканы талкалоо — миграцияны күчөтүүгө багытталган

Орусиянын Украинанын энергетика тармагына сокку урганы — украин элинин Евробиримдик өлкөлөрүнө агымынын жаңы толкунун шарттоо.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-октябрда Еврокеңеште сүйлөгөн сөзүндө айтты.

«Орусиянын биздин энергетикага чабуулу Украинада жылуулук жана электр энергиясы жаатында көйгөй жаратып, биздин элдин сиздердин өлкөлөргө көбүрөөк кетүүсүнө багытталган», — деди Зеленский.

Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына акыркы мезгилде күн сайын жасалып жаткан ракеталык соккуларынын кесепетинен улам өлкөдө энергетиканы пайдаланууга чектөө киргизилди.

Мурдараак президент Зеленский Орусиянын соккуларынан электр тармактарынын 30% зыянга учураганын айткан.

Ал ошондой эле Днепр дарыясындагы Кахов ГЭСинин дамбасына Орусия мина коюшу ыктымалдыгын айтып, эгер дамба жарылса, 800дөн ашуун айыл-кыштак суу алдында каларын эскертти.

«Дамба 18 млн. куб метр сууну кармап турат. ГЭС жарылса, Европадагы эң ири Запорожье атомдук электр станциясынын иши токтойт, анткени АЭСке суу Кахов ГЭСинен барат», — деди.

Зеленский ГЭСке эл аралык байкоочулар миссиясын жана дамбадагы миналарды тазалоо үчүн адистерди жиберүүнү өтүндү.

Кахов ГЭСинин дамбасынын бир бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө. Америкалык Согушту иликтөө институту Херсондон чегинген орус аскерлери дамбаны жардырышы ыктымал экенин билдирген.

Шейшембиде Орусиянын Украинадагы бириккен күчтөрүнүн генералы Сергей Суровикин украин аскерлери Днепрдеги плотинаны жардырууну көздөп жатканын айтып чыккан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!