11-февралдын кечинде Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыгып, анын кесепетинен 2 бала көз жумду. Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийин бул эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө каза болду. Окуя болгон учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.
Укуктук баа берилет
Саламаттык сактоо министрлиги алдын ала маалымат боюнча өрт оорукананын жер төлөсүнөн чыкканын билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берди. Өрт боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-Жаза Кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Бейтаптарга жардамдар көрсөтүлүүдө
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылган. Эки бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 чоң адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Учурда көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ал эми Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор. Улуттук госпиталда 2 бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда. Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, истүү газга ууланып ооруканага жаткырылган. Алардын арасында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун 7 медициналык кызматкери жана 2 багуучусу бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө жардам алышууда. Окуянын кесепеттерин жоюуга тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Аны менен катар 6 психолог бейтаптар жана алардын жакындары менен иш алып барып, жардам көрсөтүшүүдө.
Жоопкерчиликти ким алат?
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда дарыланып жаткан бейтаптарга жолуктук. Жумгалдан келген 58 жаштагы Элнура кан басымы жогору болуп, дарыланып жаткан бейтаптардын бири. Ал жүрөгүнө стент койдурганына 1 жумадан ашкан. Өрт окуясы болгон түндү мындайча эскерди: “Мени көргөнү балам келген. Балам менен кошо эшикке чыгып баратканбыз. Катуу үн чыкканын уктук. Уулум экөөбүз дарыканага барып, ооруканага кайтып келе жатсак жарык өчкөнүн, өрт башталганын көрдүк. Дароо эле өрт өчүрүүчүлөр келишти, бизди башка бөлүмгө которуп кетишти. Мындай окуяга укуктук баа берилип, тиешелүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек”, — дейт бейтап.
Ал эми экинчи бейтап Надира 4 жаштагы уулунун жүрөгүнө операция жасатканына 3 күн болгонун айтты, “балам тирүү болсо экен” деп жалындым дейт, “Реанимацияда жаткан, 3 бейтаптын апалары палатада болчубуз. Медайым келип сыртка чыгабыз деп, өрт чыкканын айтты. Балдар эмне болду деп сарсанаа болдук. Алар “балдар жакшы, балдар башка жакка которулду, тез чыгалы” дешти. Бизди балдарыбыз жаткан жакын жердеги ооруканага алып барышты. Балдарыбызды көзүбүз менен көрүп, анан санаабыз тынчыды. Мындай окуя кайталанбашын тилейм, себептери такталышы керек. Өрт болгон күнү кары адамдар, коляскада отургандарга кыйын болду. Оорукананын ичи түтүн, жарык да өчүп калды. Дарыгерлерге рахмат, уколдорун да салып, дарылап, адамдарды тынчтандырып жатышты” , — деди Надира.
Саламаттык сактоо министри
Эркин Чечейбаев:
— Өрт кырсыгынан дароо ал жердеги бейтаптарга бардык жардамдар көрсөтүлдү. Бейтаптардын бардыгы эвакуацияланып, 50 метр жакын жердеги ооруканалардын бөлүмдөрүнө жаткырылды. Учурда бардык зарыл болгон жардамдарды берүү улантылууда. Өрт кырсыгынан ооруканада керектүү кардиохирургиялык жабдуулар өрттүн кесепетинен жабыркаган эмес. Учурда баары өз нугунда иштеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеев:
— Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 2 автошаты, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынын» куткаруучулары, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себептери такталууда.
Эне жана баланы коргоо борборунун директору Шаирбек Сулайманов:
— Окуя болгон түнү 23:00дөн, түнкү бирге чейин 12 бала жана аларды караган энелер жаткырылды. Биздин борбордун 2-базасы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан ооруканабызга атайын бөлүм бөлүп, балдарды кабыл алдык. Тамак аш, дары-дармектери камсыздалган. Балдардын абалдары бүгүнкү күндө туруктуу. Операциядан кийинки 2 баланын абалы жакшы. Азыр кардиолог врачтар менен биргеликте балдарга кароо жүргүзүлүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы