Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты. Буга чейин институтта өрт чыгып, андагы бөлүмдөр убактылуу Улуттук госпиталдын жана Республикалык диагностикалык борбордун имараттарына көчүрүлгөн.
«Учурда ишмердүүлүк толук кандуу жанданды. Бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланып, күнүнө 2-3төн операция жасалып жатат»,- деп билдирди институттун директору Самидин Шабралиев.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-февраль күнү саат 21.00дөр чамасында Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыккан. Кырсык болгон жерге алты күжүрмөн эсеп, эки автошаты тартылып, 260 адам эвакуацияланган.