Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан дем алыш күндөрү автобекеттерде жана жолдордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери жана жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугуп, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаралардын максаты — жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар тарабынан бардык лицензиялык талаптардын сактоо, алардын эмгек жана эс алуу режимине көзөмөл жүргүзүү, каттамга чыгуу учурунда сөзсүз нарколог бөлүмүнөн өтүүсү, техникалык кароодон өтүүсүн текшерүүгө алуу жана жол эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө болуп саналат.