"Эркин-Тоо"

ЖҮЗ КҮНДҮК РЕФОРМАГА КАДАМ

Кечээ, 3-мартта Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн орчундуу көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында реформалардын кезектеги этабына кадам ташталганы маалым болду. Анда                          Адылбек Касымалиев: «Биз аппараттык жыйындарды өткөрүүнүн жаңы форматына өтүп жатабыз. 100 күндүк реформалар практикасы акселератор программасынын методологиясын колдонуу менен киргизилип жатат, бул актуалдуу маселелерди тез жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет» деп баса белгилеген. Бул жыйындын жүрүшүндө эки келечектүү максат аныкталган:

1)   Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү.

2)   Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон «083» медициналык справкасын алуу процессин жөнөкөйлөтүү.

Биринчи максат боюнча айтсак, 2024-жылы республиканын аймагында жана эл аралык ташууларды кошкондо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга 8256 атайын уруксат кагаз берилген экен. Орто эсеп менен күнүнө 20га жакын ушундай транспорттук каражаттар өткөрмө бекеттерден өтүп турат. Маселенин негизги көйгөй жараткан себеби катары ведомстволук маалыматтык түзүмдөрүнүн интеграциясынын жана электрондук бекитүү механизминин жоктугун белгилеп: «Учурда КР Мамлекеттик бажы кызматы таразага тартып, күбөлүк берип, аны айдоочу кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырат. Андан соң ташуучулар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Улуттук электр тармактары” ААК менен Бишкекте жана Ош шаарында атайын уруксат кагазын макулдашууга милдеттүү. Мындай «Колмо-кол режими» процессти тездетүү аракеттери канчалык көрүлбөсүн, ал автоматташтырылган эмес бойдон калууда. Уруксат алуу үчүн ташуучу 8 этаптан, ал эми жүктүн бийиктиги 4,5 метрден ашса 10 этаптан өтүшү керек» деди Адылбек Касымалиев.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин башчысы 100 күндүн ичинде кызыкдар ведомстволордун маалыматтык түзүмдөрүн интеграциялоону камсыз кылуу жана атайын уруксаттарды координациялоонун электрондук механизмин толугу менен ишке киргизүү милдетин алдыга коюп: «Идеалдуулугунда – жүк ташуучу атайын уруксат кагазды ишкерлер 30 мүнөттүн ичинде алышы керек. Биздин негизги максат – жүк ташуу процессин тездетүү, мамлекеттик органдардын ортосундагы координациялоо механизмдерин санариптештирүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана логистикалык чыгымдарды азайтуу аркылуу ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү» деп өз оюн ортого салды Министрлер Кабинетинин башчысы.

Адылбек Касымалиев алдыга коюлган экинчи максатка токтолуп, айдоочулук күбөлүктү алууда милдеттүү талап болгон «083» медициналык справкасын алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Учурда бул процесс айдоочулук күбөлүк алуу үчүн эмканадагы 8 адис дарыгерге кайрылуусун талап кылып, бир топ убакытты аларын сынга алды: “Бул процесс 7 күнгө чейин созулуп, жарандарга да, мамлекеттик органдарга да ыңгайсыздык жаратат. Кагаз түрүндө берилип, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилген күбөлүктөрдү жасалмалоо коркунучу бар. 2024-жылы өлкө боюнча 175 миңге жакын жаран «083» күбөлүккө ээ болгон» деп расмий маалымат берди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин башчысы КР Саламаттык сактоо министрлигине жана Транспорттук каражаттар менен айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке атайын санариптик модулдарды жана кызматтарды иштеп чыгып,  ишке киргизүүнү, ошондой эле бул системалардын интеграциясын камсыздоону тапшырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев: «Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин маалымкат автоматтык түрдө Агенттиктин маалымат базасына жөнөтүлүшү керек, бул аны кагаз түрүндө берүү зарылдыгын жокко чыгарат» деп максаттын ишке ашырылышын баса белгиледи. Бул милдеттердин аткарылышын координациялоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлдү. Жыйынтыктарды 100 күндүн ичинде чыгаруу пландалганы маалым болду.  Аппараттык жыйындын жүрүшүндө Каржы министри Алмаз Бакетаев Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын пландары 100%га аткарылгандыгы боюнча расмий маалымат берди. Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы пландарды кыскартуу практикасы жокко чыгарылганын эскертип, мындан ары пландарды көбөйтүү гана болооруна токтолду.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин жыйындарын видеоконференция форматына өткөрүүнү тапшырды. «Жыйналыштарда баяндамачылар гана катышышы керек. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, министрлер жыйын өтүүчү жерге барууга, кайра артка кайтып кетүүгө бир нече саат убакыт коротушат. Мындай чечим жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу максатында кабыл алынды» деп сөзүн жыйынтыктады.

 

                                                                                                                    Даярдаган  Бахпурбек Аленов

Пример HTML-страницы