Эгер сиз аз кыймыл жасаган адамдардын катарына кирсеңиз, жөө басуу сиздин өмүрдү азыраак болсо да узартат. Мындай жыйынтыкка Гарвард медицина мектебинин окумуштуулары келишкен. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгында ден соолукту чыңдап, өлүмдү азайтуу үчүн күнүнө 7,5 миң кадам жасоо сунушталган. Изилдөөнүн жыйынтыктары чыгары менен жөө басуунун дагы башка пайдалары тууралуу адистер айта башташты.
- Жөө басуу кан тамырларды чыңдап, кан айлануу системасын жакшыртат.
- Дене мүчөнү жакшы калыпта сактоого жардам берет.
- Эгер арыктоону каалагандар болсо тоолорго жөө чыгуу сунушталат. Жөн чыкпай колго кол баштык көтүрүп алган пайдалуурак болот.
- Туура тамактанып, жөө баскан адамдын жүрөгүнүн согушу калыбына келет.
- Жөө баскан адамдын өңү тазарат.
- Нерв системасы калыбына келет. Жөө баскан адам көп көйгөйлөрдү унутуп, жөн гана басып бара жатып, топтолгон стресс, депрессияны жеңе алат. Буттардын бат кыймылы муундарды оорудан сактайт. Булчуң эттерди чыңайт.
- Жөө баскан адамдын мээси жакшыраак иштей баштайт. Ал айлана-тегерекке көз чаптырып, жашоого болгон кумарын ойгото алат.
- Эс тутумду жакшыртат.
- Туура чечим чыгарганга, туура ойлонууга жардамын тийгизет.
- Жөө баскан адам жакшы уктайт.
- Маанай көтөрүлөт. Анткени жөө басып келген адамда 1,5 сааттан кийин серотонин жана эндорфин гормондору иштелип чыгат. Алар бактылуулуктун гормондору болуп эсептелет.
- Америкалык окумуштуулар жөө басуу көкүрөк рагын 30 пайызга кыскартат деген тыянагын чыгарышкан.