Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк менен маек.
— Ширин Аалиевна, жыл жаңыраар астында Беларусияга болгон сапарыңыз жөнүндө учкай кеп салып берсеңиз?
— Ооба, өткөн жылдын аягында Беларусиянын борбору Минск шаарында тилге арналган “КМШ мамлекеттеринин тил саясаты” деген теманын алкагында III эл аралык чоң конгресс болду. Россиянын уюштуруусу менен өткөн иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжандан келишкен катышуучулар иш алып барышты. 2 күнгө созулган конгресстеги атайын бөлүнгөн 5 секцияга Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университеттин проректору экөөбүз алып баруучу болдук. Мындан тышкары, бир канча секция иштеди. Ошол секцияларда КМШ мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан тил саясаты, анын ичинен орус тили канчалык деңгээлде колдонулуп жаткандыгы жана анын келечеги, дегеле бул тилге болгон мамиле, орус тил сабагынын өтүлүшү, ыкмалары боюнча сөз болду. Өзгөчө орус тилинин заманбап технологиялардын шартында сабак өтүлүшү, жалпы маалыматтык платформада кандай жаңылыктар болуп жаткандыгы тууралуу орчундуу чоң маселелер көтөрүлдү. Бул жыйынга башка мамлекеттерден барышкан делегаттар: “Албетте, орус тили биздин тилдерибизди байытат. Ошону менен бирге биздин тилибиз да орус тилин байытат” деген маселени көтөрүп жаттык.
— Бүгүн Россияда кыргыздын миллиондогон улан-кыздары мигрант болуп жүрүшөт. Мигранттарга байланышкан тил маселесин жыйында көтөрсөңүздөр болот беле?
— Аны да көтөрдүк. Ошол мигранттарыбыздын, жалпы туристтердин, студенттердин, илим жактап келип жаткандардын орус тилди билүүсү сыяктуу маселелер конгресстин алкагында каралды. Конгресстеги дагы бир табылга Россиядагы мигранттар менен иш алып барып жаткан кыргыз диаспорасынын ишин белгилесек болот. Биз катышкан жыйынга Россиянын ири шаарларындагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери келишип, алар өзүбүздүн кыргыз тилибизди унутуп калбашыбыз керектигин айтышып, бул багытта түрдүү маданий, спорттук иш чараларды уюштуруп жатышканы бизди абдан кубандырды. Россиядагы диаспоралар арасынан кыргыз диаспорасы бешинчи орунда тургандыгынан кабардар болдук. Биз катышкан секцияга ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан баштаган өлкөлөрдүн диаспоралары да келишип, алардын ишмердүүлүгү боюнча олуттуу сөздөр айтылды. Илимий изилдөө жагынан жогоруда аталган мамлекеттер менен келечекке карай кызматташуу, тилди өнүктүрүү жагы күн тартибиндеги негизги маселелерден болду.
— Мындай конгресстердин түшүмү болобу?
— Беларусияда өткөн бул иш-чарабызга биздин элчибиз Эрбол Султанбаев баштаган делегация барып, орус тилинин бизге канчалык деңгээлде керектиги боюнча жакшы маселелерди көтөрүштү. Өзгөчө беларусиялык профессордук-окутуучулук курам, Россиянын окумуштулары, Азербайжан, Казакстандын илимий ишмерлери менен жакындан тааныштык. Азыр алар менен студенттер үчүн онлайн лекцияларды уюштуруп жатабыз. Бул конгресс КМШ аянтчасындагы мамлекеттер менен жакшы алаканы арттыра турган уникалдуу аянтча болуп берди. Өзгөчө илим жаатындагы жаңы усулдар менен ыкмаларды, окуу куралдарын өзүбүзгө алып келдик. Мындан сырткары жаңы платформалар, орус тилинин өнүгүү жолундагы жаңы табылгалары менен таанышып кайттык. КМШ мамлекеттер арасында жаңы медиа аянтчаны уюштуруу боюнча жакшы пландар айтылды.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-февралы