"Эркин-Тоо"

ЖАҢЫ АВТОБУСТАР, ЖАҢЫ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖАРАТТЫ

Баш калаабыз Бишкекке жаңы автобустар келди дегени менен маселе кайра курчуду. Жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгы күчөдү. Бир сөз менен айтканда жаңы автобустар, жаңы маселелерди жаратты.

Мунун себеби эмнеде? Биринчиден, мэриянын транспорт тармагындагы реформасы казанга эч нерсе салбай, түбүнө от жагып тамак жасап жатабыз дегендей таризде жүрүп баратат. Анткени, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортту ишке киргизүүнүн, төлөмдөрдү натыйжалуу топтоонун так механизмдеринин жоктугунан орто жолдо шаардыктар кыйналып жатат. Биринчи маселе, ушул жылдын 20-августунан тарта Бишкектеги автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөр гана иштей баштайт деп билдирген мэрия. Бирок, бул долбоору дагы элдир-селдир ишке аша баштады. Тагыраагы калаа тургундарына түйшүк жаратты. Буга албетте, мэриянын тиешелүү мекемелери күнөөлүү. Эгерде накталай эмес төлөмдөрдүн таржымалына токтоло турган болсок, бул долбоордун кураторлору 2020-жылдын март айына чейин бардык көйгөйлөрдү чечүүгө убада беришкенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан убагында. Бирок, пандемияга байланыштуу ишке ашыруу мөөнөтү бир аз узартылган экен. 2021-жылдын октябрында бишкектиктерге жаңы жылдан кийин коомдук транспортто накталай акча төлөө мүмкүн эместиги айтылган. Андан кийин Бишкек мэриясы 2022-жылдын 1-июлунан тарта автобус жана троллейбустарда «Тулпар» электрондук билет системасы аркылуу накталай эмес төлөмдөр гана кабыл алынарын, бул системаны швейцариялык BPC AG компаниясы иштеп чыкканын дал ушул Бишкек мэриясынын өкүлдөрү билдирген. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалдык коомдук транспортторду накталай эмес төлөмдөргө өткөрүү мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууну чечип, мындай чечим шаардыктардын өтүнүчү менен кабыл алынганын, жүргүнчүлөр “Тулпар” карталарын сатып алууга үлгүрбөй калганы менен түшүндүрүшкөн мэриянын басма сөз кызматы. Ошо кезде “Тулпар” карталарын сатып алуу маселеси жаралган болчу. Арадан бир жыл өттү, абал ошондой эле. Бишкек мэриясы эч кандай даярдыксыз келгени элди кыйноого салды.

Экинчи маселе, Бишкек мэриясы “Кытайдан 1000 автобус сатып алабыз” дегени менен транспортторду токтотуучу, оңдоочу жайлардын жоктугу, айдоочулардын тартыштыгы өзүнчө түйшүк жаратты. Техника деген техника. Эгерде автобус бузулуп калса кайсыл жерден оңдошот жана кимдер оңдошот? Маселе барбы? Бар!..

Үчүнчү маселе, коомдук транспорттун жол киресин 20-22 сомго чейин көтөрүү керектигин шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов айтып чыкты. Ал жол кирени көтөрүүнүн негизи дизель майынын, газдын, электр энергиясынын, тетиктердин кымбаттаганына байланыштырып, “Тарифтер жок дегенде чыгымдарды жабуу керек. Эгер бул аткарылбаса, эки жылдан кийин кайрадан эски автопарк жана транспорттук коллапс болот», — деди. Шаардык чиновник накталай эмес төлөмдөрдү натыйжалуу ишке ашырып, анан тыянак чыгарса болмок. Анткени, калаа тургундарынын баары кынтыксыз жол кире төлөсө, балким, чыгым акталар. Буга чейин маршруткалардан топтолгон акчалар кимдир бирөөлөрдүн “чөнтөгүнө” кетчү эле да. Накталай эмес төлөм долбоорун көрбөйлүбү, биринчи, аттап-буттап реформа жасабай! Жол кирени көтөрүү демилгеси ойлонбой жазылган токтомго окшоп калды.

“Бишкектин коомдук транспортторундагы жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү – элди талап-тоноо.” деп жазды Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Фейсбуктагы расмий баракчасына. “Кээ бир үй-бүлөлөрдүн беш-алты окуучусу, студенттери бар. Алардын жол киреси үй-бүлөлүк бюджетке орду толгус зыян алып келет” деген эл өкүлү катуу маселе койду. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Марлен Маматалиев, 22 сомго чейин жол кирени көтөрүүнүн кереги жоктугун билдирип, мектеп окуучуларынын коомдук транспортто жүрүүсүнө шарт түзүүнү сунуштады. «Ошто бензин жана солярка кымбат, бирок, ал жакта окуучулар үчүн жол кире 5 сом», — деп билдирди.

Баш калаабызда жүргүнчүлөрдү тейлөө маселеси бир кылка жүрбөгөнүн мэрия моюнга алышы керек. Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарды өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор менен алек болуп, масштабдуу иштерди жүзөгө ашырууга жан үрөгөнү менен анын жан жөөкөрлөрү болгон орун басарлары, башкармалыктын башчыларынын иш-аракети көп учурда жалпы мэриянын ишмердүүлүгүнө “көө” сүйкөп коюшууда. Себеби, мамлекет башчысы баш болуп шаардыктарды транспорт менен камсыз кылууга жетишип жатканы менен мэриянын тиешелүү жетекчилери элди кыйнабай ийкемдүү иш алып барууда чабалдык кылышууда.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№72 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 8-сентябры

Пример HTML-страницы