"Эркин-Тоо"

Жаңы автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотулат

Бишкекте жаңы муниципалдык автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт.

«Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү жана айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында кабыл алынууда.