Бишкектин борбордук Ала Тоо аянтындагы бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап калды. Буга чейин аянтта турган флагштоктун бийиктиги 45 метр болгон. Флагшток Түркиядагы ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинип орнотулуп жатат.