"Эркин-Тоо"

Жаңы окуу китептери басылып чыгат

Билим берүү министрлиги 2025-жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин чыгарууга 744 миллион сом бөлүнгөндүгүн кабарлады. Кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Дооталиева Жанара окуу китептерин жаңыртуу боюнча маалымат берип:
«2025–2026-окуу жылында англис тили окуу китеби (3–9-класстар үчүн) — жалпы тиражы 2,34 миллион нуска, 350 миллион сомдон ашык суммага; математика (1, 2, 5, 8-класстар үчүн) — жалпы тиражы 1,4 миллион нуска, 200 миллион сомго жакын суммага жана табият таануу (1, 2, 5, 8-класстар үчүн) — жалпы тиражы 1,4 миллион нуска, 200 миллион сомго жакын суммага басылып чыгат.
Бардык китептер мектептерге акысыз берилет. Алар базарларда сатылбайт жана сапаты менен коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык басып чыгаруу иштери мамлекеттик “Учкун” басмаканасында жүргүзүлөт»,- деди.
Пример HTML-страницы