"Эркин-Тоо"

Жаңы “Ош” базардын курулушу башталды

Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды. Келечекте ал шаарчага Батыш автобекети, «Ош» базары көчүрүлөт. Шаарчага турак үйлөр да түшөт. Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.

Эскизге ылайык, жаңы «Ош» базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлорун, ресторан куруу пландаштырылууда.

Турак үйлөр менен катар бала бакча, мектеп да салынары маалым болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!