Кыргызстанда ички каттамдар боюнча жаңы учактар жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, болжол менен алар сентябрдан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.
“Биз буга чейин эки учак сатып алганбыз. Алар май айында келмек. Жаңы учактарга Кыргызстан тоолуу регион болгон үчүн кычкылтек аппараты коюлушу керек экен. Бул иштер аяктаса, учактар сентябрда келип калат. Алар өлкөгө келгенде атайын талаптарга ылайык, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтөт”, — деди ал.
Ошондой учактар ички каттамдарга чыкса, билеттин баасы арзандай тургандыгы айтылды.