Эртең, 6-сентябрда мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы саат 10:00дө өлкөгө келип конот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, учак “Асман аба жолдору” авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат.
«Мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учак сатып алынып жатат. Жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз айында үчүнчү учак келип кызмат көрсөтө баштайт», — деп жазды Орунбеков.