Жаңы жыл түнү Бишкектеги автобустардын иштөө убактысы узартылат
291
Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.Маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт.Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.