Улуттук банк жаңы жылдан кийин санарип сом концепциясын ишке киргизип, сынап көрө турган болду. Маалыматка караганда долбоор тесттик режимде иштейт. «Санарип валютаны киргизүү — татаал жана көп этаптуу процесс. Аны кылдат изилдеп, эл аралык рынокту баамдап, негизги технологияларды сыноодон өткөрүү талап кылынат»,-делет маалыматта.