"Эркин-Тоо"

Жаңы-жылдык майрамдарда электр жарыгы өчүрүлүп турабы?

Энергетика министрлигине жаңы жылдык майрамдарда энергетика системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо милдети жүктөлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев буйрук берди.

Ага ылайык, бул өзгөчө майрам маалында, энергетика тутумунун жүктөмү жогорулаган учурда маанилүү. Элдин нааразычылыгын жаратпоо үчүн даярдыктар жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек.

Эске сала кетсек, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Анын айтымында, булар электр энергиясын эң көп керектөө учурунда зарыл чаралар: эртең менен — ​​7.00дөн 9.00гө чейин жана кечинде — 18.00дөн 21.00гө чейин. Бул учурда электр энергиясын керектөө салттуу түрдө көбөйөт.

Пример HTML-страницы