"Эркин-Тоо"

Жаңы жылды кандай аба ырайы менен тособуз?

Жогорку атмосфералык туруксуздукка байланыштуу 31-декабрда аба ырайы туруксуз бойдон калат.  Бул тууралуу Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрга карата Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +0…+5;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7ге чейин.

Бишкек шаарында 31-декабрда түнкүсүн ала булут каптап турат, бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +4…+6 жылуу болот.

Пример HTML-страницы