"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ЖАҢЫРСА ЖҮРӨК ТОЛКУЙТ

Президент Садыр Жапаров жалпы кыргыз элин мамлекеттик Гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады. “Бардыгыңыздарды жаңырса жүрөк толкуткан, көкүрөккө кол басып өлкөнүн эгемендигин, азаттыгын ураан кылган Кыргыз мамлекетинин гимнинин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!” деп айтылат куттуктоодо. Садыр Жапаров “өлкө тагдырынын кечээгисин баяндап, бүгүнкүсүн ырастап, эртеңкисине илгери үмүт менен караткан, атуулдук сезимди ойготкон мурастуу музыкалык-поэтикалык салтанаттуу ырыбыз, ыйык символубуз – бул мамлекеттик гимнибиз! – деп белгилеп, өз алдынча мамлекет болгон эгемендигибизди чагылдырып, түптүү калкыбызды биримдикке, достукка, ынтымак-ырашкерчиликке үндөгөн касиеттердин баары Гимнибизде камтылганына токтолуп, элибизге ынтымакта бакубат өмүр сүрүүнү каалады.