4-майда өткөн брифингде Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев, жаңжалда 3,5 миң чарчы метр жол жараксыз болуп, андан сырткары бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлгөнүн билдирди.
Алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты. Министрдин айтымында, учурда комиссия чек ара жаңжалынын кесепетин тактоону улантып жатат, толук эсептелип бүткөндөн кийин жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү башталмакчы.