"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Жаңы-Жер айылында 500 орундуу мектеп курулууда

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Анын тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт. Мектеп үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы.

Азыркы тапта курулуш иштеринин 65%ы бүткөрүлдү.