Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысы жандырылат.
Бийиктиги жылдызын кошкондо 35 метрди түзгөн балатыны жасалгалоо үчүн 7000ге жакын оюнчук жана жаңы жарыктандыруу колдонулду.
Ошондой эле 1500 чарчы метр аянттагы муз тебүүчү аянтча, жаңы жылдык үйлөр, фудкорт жана фотозоналар конокторду тосуп алат.


