Министрлер Кабинети мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн жаңы жылдык эс алуу күндөрүн узартты.
Тиешелүү токтомго ылайык, 2026-жылдын 8 жана 9-январь күндөрү кошумча эс алуу күндөрү болуп белгиленди. 8-9-январь иш күндөрүнө туура келип, 10-11-январь дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен кызматкерлер 12-январдан тарта иштей башташат. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине да бул чечимди мүмкүнчүлүккө жараша колдонуу сунушталды.
Токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

