17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндуз 22…27
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14, күндүз 21…23° жылуу болот.