"Эркин-Тоо"

Жайдын аптабында ысык чай ичүү пайдалуу

Мээ кайнаткан ысыкта адамдардын көпчүлүгү суусунду кандыруу үчүн ар кандай суусундуктарга атайын тоңдурулган муздарды кошуп ичишет жана муздак тамактар менен тамактанышат эмеспи. Бирок, окумуштуулар мындай тамактануу туура эмес деп эсептешет.

Кембридж университетинин нейробиологу, профессор Питер Макнатондун айтымында, муздатылган суусундуктар адамдардын суусунун көз ирмемдик убакытка гана кандырат. Жайдын саратанында суусаган адам кайнаган чай же ысытылган сууну ичсе эффективдүүлүгү жогору болуп, узак убакытка суусун канат. Ысык чай дене температурасын жогорулатып, тердетип адамдагы табигый муздатуу функциясы ишке кирээрин DW басылмасы жарыялаган.

“Адам катуу ысыганда суусайт. Ошол мезгилде канчалык ысык чай ичсе тер куюлуп, акырындык менен салкындайт. Бул адамдагы табигый муздатуучу функция иштей баштагандыгын билдирет”, — деп кошумчалайт Сидней университетинин кызматкери, доктор Кристофер Гордон.

Андыктан, аптаптуу күндөрдө муздуу газдалган суусундукка же ширелерди ичүүгө тартылуудан мурда кайнатылган ысык чайдан бир чыны ичкен пайдалуу экен.

Профессор Макнатондун кеңешине таянсак, калемпир, мурч кошулган тамактар ысык чай сыяктуу адамдарды тердетип, муздатуу функциясы иштейт. Дүйнөнүн ысык климаттарында жашаган калктар дал ушул ачуу тамактарга басым жасашат. “Чили калемпири тамак сиңирүү органдарын ысытып, тердетүү рецепторлорун ишке киргизип, адам денеси муздай баштайт”, — дейт Питер Макнатон

Врачтар эскерткендей, аптаптуу күндөрдө суюктукту абдан көп ичүү зарыл. Тер менен бөлүнүп чыккан суюктуктун ордун суусундук толуктайт. Бирок, бардык эле суусундук денени муздатпайт же чаңкоону кандыра бербейт. Бизге окумуштуулар далилдегендей, кайнак чайды жана ысытылган сууну ичүү абдан пайдалуу.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!