Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын планын аткаруу максатында, Жайыл районунун ИИБнын жетекчилиги жана кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун максаты экстремисттик аракеттердин укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу, жарандар арасында жана өзгөчө жаштар арасында радикалдык идеялардын жайылышына жол бербөө болуп саналат.