"Эркин-Тоо"
Коом

Жайында өрттөн сак болгула!

КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча ӨКБсы 2025-жылдын өткөн мезгилинде райондун аймагында 74 өрт кырсыгы катталып, 82,2 миллион сомдон ашык социалдык экономикалык чыгым келтирилгенин билдирет.

Жайкы өрт коопсуздугуна жана сууга түшүү мезгилине байланыштуу Биринчи май райондук ӨКБнын кызматкерлери тарабынан көлмөлөрдө, ачык суу сактагычтарда, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бассейндерге түшүү боюнча эрежелери боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, суу объектилерине жакын жердеги жарандардын эс алуучу жайларында өрт коопсуздугун сактоо боюнча нускамалар жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу борбор калаанын тургундарын жана конокторун эс алуу жайларында, өзгөчө суу каналдарынын көлмөлөрдүн жанында этият болуп, жашы жете электердин, чоңдордун жана балдардын сууга чөгүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн балдарды кароосуз калтырбоону суранабыз.

Эс алуу жайларында таштандыларды күйгүзбөңүз, өчпөгөн тамекилерди ыргытпаңыз, отту өчүрүңүз – эс алуу жайларындагы жердин топурагын өчпөгөн отко чачыңыз. Өрт коопсуздук эржелерин элементардык түрдө сактоо бизди курчап турган чөйрөнү өрттөн сактап кала алат!

Өрт чыкканда 101, 112 номерлерине чалууну эскертебиз.

Мураталы уулу Р.,

Свердлов району боюнча

ӨКБнын ӨӨ жана ААБнын

улук офицери, капитан