Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев үч ай мурун “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, “Кызмат” деген жаңы аталыш менен реформалар башталгандыгын айтты. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчасына ишканага тиешелүү буга чейин бүткөрүлгөн жана учурда улантылып жаткан иштер туурасында мындайча маалымат берди:
«Алгач кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл буруп, тейлөө жана кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлдү.
Калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү убактысы кыскартылып, электрондук кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө. IT-технология жана санариптештирүү багытындагы адистер үчүн заманбап иш шарттарын түзүү максатында “Учкун” имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Бул жаңы кеңседе кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш орундар, тамактануучу жай, эс алуу жана спорттук көнүгүүлөр үчүн бөлмөлөр каралды. Мындан тышкары жогорку сапаттагы жаңы жабдуулар жана заманбап компьютерлер менен камсыздалды.
Президентибиз Садыр Жапаров санариптештирүү саясатын реформалоо боюнча тапшырма берген. Бул багытта Иш башкармалык тиешелүү чараларды ишке ашырууда. Буюрса, мамлекетибизде документ жүргүзүүнү толук электрондоштурабыз. Анда мурдагыдай бюрократия болбой, чечим кабыл алуулар ыкчам болот. Тиешелүү документтерге буйрутма берүү дагы онлайн болот. Айтор, алдыда санариптештирүү боюнча олуттуу өзгөрүүнү байкап, сезип баштайсыздар.
24-мартта “Кызмат” ишканасынын толук оңдоп-түзөөдөн кийинки кеңсесинин ачылышы өтүп, иштин жүрүшү Президентибизге тааныштырылат.»


