"Эркин-Тоо"

Жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Кыргызстанда жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Ага 40 миңден ашык бала барат, 5 миңден ашык тарбиячы туруктуу жумушка ээ болот. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«Санитардык-эпидемиологиялык талаптар жөнөкөйлөштүрүлдү. Уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштырган пилоттук долбоор башталды, ага 122 миң баланы камтууга болот. Жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат, ага 40 миңден ашык бала барат, 5 миңден ашык тарбиячы туруктуу жумушка ээ болот. Бир сменде окуган мектептерде мектепке чейинки топтор ачылат, ага 73,5 миң бала камтылат. Жаңы бала бакчалар салынат», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Эске салсак, Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатканы айтылган. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланган.