Өткөн жуманын этегинде жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү маселелери боюнча Республикалык кеңешме өттү. Кеңешменин алкагында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары каралды. Адамдык капиталды өнүктүрүүгө, анын ичинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мектепке чейинки тарбиялоонун масштабын кеңейтүүгө, кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоого өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чараны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барып, жандуу баарлашуу болду. Ал өз сөзүндө жакырчылыкка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы жана жалпы улуттук милдет экенин баса белгилеп, өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыктын чегинен ылдый жашарын айтып, бул бардык мамлекеттик институттардын жана жалпы коомдун чечкиндүү аракеттерин талап кыларын билдирди.
“Азыркы тапта Кыргызстанда 1 миллион 871 миң адам жакырчылыктын чегинде жашап жатат. Алардын үчтөн экиси айыл тургундары. Ар бир үчүнчү бала кедейликтин шартында жашоодо. Бул мамлекеттик масштабдагы көйгөй жана ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибиз. Бирок, биз бурулуш учуруна келдик. Акыркы жылдагы статистика үмүт жаратууда. 2023-жылга салыштырмалуу жалпы кедейликтин деңгээли 29,8%дан 25,7%га түштү. Жакырчылык деңгээли 5%дан 2,7%га кыскарды. Бул ишенимдүү кадам, бирок ал жетиштүү эмес. Бүгүнкү кеңешменин негизги максаты – улуттук прогрессти баалоо жана жаңы саясий чараларды аныктоо. Бул – координацияланган, комплекстүү саясаттын башаты. Биз билим берүү, саламаттык сактоо, балдардын укуктары, жумушчу орундар жана социалдык мобилдүүлүк боюнча саясатты бир багытта ишке ашырышыбыз керек. Социалдык мобилизация келечектин ачкычы. Ар бир жаран, жергиликтүү коомчулук, бейөкмөт уюм жана жеке сектор бирдикте иштешишибиз керек. Кедейликтен чыгуу бул жалгыз гана өкмөттүн милдети эмес – бул жалпы коомдун милдети” деди Байсалов.
Жыйындын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров сөз сүйлөп, Президент Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен социалдык келишим программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Эч кимге жашыруун эмес, бүгүнкү күндө социалдык контракт калктын аярлуу катмарын колдоонун механизми гана эмес, үй-бүлөлөрдүн экономикалык өз алдынча болушу үчүн шарттарды түзүүнүн, кошумча жумуш орундарын түзүүнүн, жашоонун сапатын жакшыртуунун жана жергиликтүү экономиканы чыңдоонун жолу болуп калды. Үч жылдын ичинде социалдык контракт программасынын алкагында 35 226 келишим, тактап айтканда экономикалык долбоорлор түзүлүп, катышуучулардын басымдуу бөлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түздү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бүгүнкү күндө алып барылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди. Биринчиси, калкка жагымдуу шарт түзүү максатында, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун чектөө үчүн, буга чейин талап кылынган документтер минималдаштырылды. Тактап айтканда, мамлекеттик органдардан «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого тийиш болгон арыз ээси жөнүндө маалыматтарды/маалымкаттарды суроо “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Экинчиси, буга чейин «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн жалпы жыйынды кирешесин эсептөөдө студенттердин стипендиялары кошо эсептелчү, учурда тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, ал кирешенин курамынан алып салынды. Үчүнчүсү, арыздарды “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырууну камсыздоо жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөөнү автоматташтырууну мындан ары жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Төртүнчүсү, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн өз алдынча ишкердик жүргүзүп кетүүсүнө өбөлгө түзүп, аларга социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүлүүдө. 2022-2023-жылдары 12 800 үй-бүлө (37 079 бала), ал эми 2024-жылы 18 542 үй-бүлө (54 685 бала) социалдык контракт менен камтылды.
Ошого катар 16 жашка чейинки аз камсыз үй-бүлөлөрдө жашаган балдарды колдоо, тагыраагы жөлөкпулдар жөнүндө да сөз болду. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү бүгүнкү күндө 1200 сомду түзөт. Ал эми райондук коэффициент каралган калктуу конуштарда жөлөкпул райондук коэффициентти эске алуу менен төлөнөт.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жарандарга жеңилдиктер каралган. Анын бири электр энергиясына болгон жеңилдиктер. 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВт/с чейин керектегенде 50,0 тыйын, ал эми 2024-жылдын 1-майынан тартып 55,4 тыйын өлчөмүндө төлөнүүдө. 2025-жылдын 1-июнуна карата 53 983 «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонуп жатат.
Баарыбыз билгендей, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууда бир катар дооматтар айтылып келе жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда бир катар шарттары бар. Биринчи шарты, аз камсыз болгон жарандардын 16 жашка чейинки балдарына багытталган. Бул жаш куракка чейинки балдары болбогон, аз камсыз үй-бүлөлөргө жайылтылбайт. Экинчи шарты, үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кирешенин кепилденген эң төмөнкү өлчөмүнөн (1000 сом) ашпаган учурда дайындалат. Үчүнчү шарты, үй-бүлөнүн ата-энелери жана башка чогуу жашаган ишке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү (3 жашка чейинки баласын жана майыптыгы бар бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж болгон үй-бүлө мүчөсүн караган ата-энеден тышкары) иш менен камсыз кылуу борборлорунда (мамлекеттик кызмат органдарында) белгиленген тартипте катталуусу зарыл.
Эгерде, “расмий жумушсуз” деп катталган жаран иш менен камсыз кылуу борборлору (мамлекеттик кызмат органдары) сунуштаган ылайыктуу жумуштан, акы төлөнүүчү коомдук иштен, кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан жүйөсүз себептер менен (адамдын өзү же анын баласы ооруп калган, жакын адамы каза болгон учурлардан тышкары) жазуу жүзүндө баш тартса же мындай иштерге жана окутууга катышууну өзү билемдик менен токтотсо, аларга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелбейт.
Ушул маалыматтар берилгенден кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз пикирин билдирип, үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүүнү киргизүүнү сунуштады. Ал өз сөзүндө колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21%ы гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөкпул аларын айтып, өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөкпул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды. Бул албетте, адилеттүүлүккө жатмак.
Эске сала кетсек, былтыр Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча өзгөртүү киргизүүгө кол койгон. Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөкпулу деп аталат.
Зулпукаар Сапанов

