Бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы өрттү өчүрүүгө жардам кылган Кытайдын “China Railway International” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда министрдин орун басары жумушчуларга жайлоодогу өрттү өчүрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, мекемелик сыйлыктарды тапшырды.
Эске салсак, 2025-жылдын октябрында Тогуз-Торонун Кара-Көң жайлоосунда 10 гектардай жер өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр менен кошо ошол аймакта иштеген “China Railway International” компаниясынын 45 кызматкери жардам берип, өрттүн жайылышынын алдын алышкан.

