Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты ажыратылып берилген.
Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи. Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдээрин кошумчалады.