"Эркин-Тоо"

«Жалал-Абад» эл аралык аэропорту курулат

Кечээ, 13-май күнү, Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна капсула салды. Аэропорт Сузак районунда 380 гектардан ашык аянтка курулуп, 4E категориясындагы чоң учактарды кабыл алууга ылайыкталат.

Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. Ошондой эле 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, алты учак токтотуучу жай жана эл аралык стандарттарга жооп берген инфратүзүм куруу каралган.

Аэропорттун курулушуна капсула салуу аземинде мамлекет башчысы авиация тармагындагы реформалар, жүргүнчүлөр агымынын 46%га өсүшү жана аймактык аэропорттордун кайра ишке кириши тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, учурдагы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. Ал 1972-жылдан бери асфальтталган учуу-конуу тилкеси катары иштеп келет. Бирок, жүргүнчүлөр агымынын өсүшүнө байланыштуу азыркы инфратүзүмү талаптарга жооп бербей калган.